Abank
SerepTV Logo

Казакстанда быйыл Рамазан айы 11-мартта башталат

Казакстанда быйыл Рамазан айы 11-мартта башталат
Быйыл Рамазан айы 11-мартта башталарын Казакстандын муфтиятынан билдиришти. “Рамазан айы 11-мартта башталат. 6-апрелге караган түн — Кадыр түн, 10-апрель — Орозо айт деп белгиленди”, — дешти Казакстандын муфтиятынан. Буга чейин кыргыз өкмөтү Орозо айт — 10-апрелде, ал эми Курман айт — 17-июнда белгиленерин айткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Муфтиятка кайрылганыбызда, так дата эртең, 6-мартта айтыларын билдиришти.