Касым-Жомарт Токаев Аскар Акаевди жубайы менен кабыл алды
Кечээ, 23-июнь күнү Нур-Султан шаарында президент Касым-Жомарт Токаев Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевди жубайы Майрам Акаева менен кабыл алды.
Жолугушууда Токаев менен Акаев санарип экономика, адамдык ресурстардын өнүгүү тенденциясы, дүйнөдө болуп жаткан климаттардын өзгөрүүсү, илим, билим жаатында сүйлөшүшкөн. Казак президенти Акаевден өлкөнүн санарип экономикага өтүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн.
Аскар Акаев 19-июнь күнү Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине лекция өтүү үчүн келген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/askar-akaev-kazaktanga-lekcziya-otyy-ychyn-mairam-akaevanyn-koshtoosunda-keldi-syrot/">келген.