Кар жаайт. 22-апрелге карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат
22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жамгыр карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот.
Чүйдүн, Таластын жана Ысык-Көлдүн дыйканчылык аймактарында түндө -2...-3° үшүк жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10,
Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +5...+10,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +12...+17,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +3...+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +3...+8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6°.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар аралаш жамгыр жаайт - 0...+2, күндүз жаан-чачын болбойт - +8...10°.