Royal
SerepTV Logo

Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы кызматынан бошотулду

Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы кызматынан бошотулду
Каныбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Осмоналиев бул кызматта 2022-жылдын 12-майынан бери иштеп келген.