SerepTV Logo

Ташиев: "Өзбек тарап 100 гектар жерди алмашалы деди. Бирок биз 50 гектар эле алмаша аларыбызды айттык"

Ташиев: "Өзбек тарап 100 гектар жерди алмашалы деди. Бирок биз 50 гектар эле алмаша аларыбызды айттык"
Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушууда төрага элге Ташкентте кол коюлган протоколго түшүндүрмө берди. Андан тышкары өзбек тарап менен дагы кандай сүйлөшүүлөр болгонун түшүндүрдү. "Өзбек тарап бизден 100 гектар жер алмашалы деди. 100 гектар жерди бул жерден (ред. Кемпир-Абад) алмашалы, силерге Өзгөндөн 100 гектар берели деди. Кара-Суунун адистери келишип, жок 100 гектар болбойт, айылдарга чейин өтүп кетет, 50 гектар алмашалы деди. Макул болдук. Ушуну протоколго киргиздик. Ал 50 гектарга ушул чоку (ред.эл жыйналган жер) жана дагы 2 чоку кирет", - деди ал.
edita