Кайсы учурда Орусияга чартердик каттамдардын билет баасы арзан болот? Өкмөт башчынын жообу
Бүгүн, 23-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү көйгөйлүү маселелердин бири болгон Орусияга болгон билет баасынын кымбат болуп жатышы боюнча үн катты. Ал учурда Орусияга чартердик каттамдардын билет баасы кымбат болуп жатканын айтып, аны кантип арзан алса болорун билдирди.
"Авиабилеттин баасы боюнча да маселе жаралып жатат. Билет баасын арзандатуу үчүн каттамдардын санын көбөйтүү керек. Бүгүнкү күндө 6 каттам бар. Бул каттамдарга негиз сурабайт. Мындан тышкары, жумасына 80дей чартердик каттамдар учуп жатат. Булар негиздеме сурап жатат. Ошол үчүн билет кымбат болуп жатат. Ошону чечүүнүн бирден-бир жолу негиздемени жоюу боюнча Орусия менен сүйлөшкөндө уюлдук телефондордо "Ковидсиз саякатта" деген тиркеме бар. Ошол боюнча биз 6 лабораторияны ишке киргиздик. Анын төртөө менчик, экөө мамлекеттик. Жалпысынан 60 пункт иштеп жатат. Ошол жерге анализ тапшырып, жыйынтыгын тиркемеге жүктөп, ошону менен билет алып учса, бул негизсиз болуп саналат. Бул арзан болот",- деди ал.