SerepTV Logo

"Кадастрдын" Бишкек филиалынын жетекчиси жана анын орун басары кызматынан убактылуу четтетилди

"Кадастрдын" Бишкек филиалынын жетекчиси жана анын орун басары кызматынан убактылуу четтетилди
Кечээ, 22-апрелде 40тан ашуун жаран жашап жаткан жер тилкелерине кызыл китептерин көп убакыттан бери ала албай жаткандыгына байланыштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев жана орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан бошотуу талабы менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылышкан. Министр Аскарбек Жаныбеков жарандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, маселени биргеликте талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында, министр атайын комиссия түзүүнү жана нааразы болгон тараптын эки өкүлүн комиссиянын мүчөсү катары кошууну сунуштап, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалынын директору Болотбек Берикбаев менен орун басары Мелис Кадырмамбетовду жумуштан убактылуу четтетүүнү буйругун чыгарды.