Кадамжайдагы "Алмаз" тойканасынан уулангандардын саны 122ге жетти
Бүгүн, 4-августка карата Кадамжайдагы "Алмаз" тойканасынан уулангандардын саны 122ге жетти. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө ишканасынан маалымдашты.
"122 ууланган адамдын арасынан 43 жабырлануучу Кадамжайда, 2 адам Айдаркенде ооруканада дарыланышууда. Калган 77 (арасында 1 бала) үйүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ууланган адамдардын арасынан үчөө 14 жашка жете электер.
Лабораториялык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, бышырылган эт, тоок грилинен Proteus vulgaris аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Эске алсак, 30-июлда Кадамжайда "Алмаз" тойканасында үйлөнүү той өтүп, 250 адам конок" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kadamjai-raionunda-toikanada-massalyk-uulanuu-bolup-jabyrkagandardyn-sany-89ga-jetti/">конок болгон. 31-июлдан тартып жабырлануучулар уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылып башташкан.