"Жумуш издеп кеткен". Жалал-Абадда 3 баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин Бишкекте табылды
Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан келин 3 баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы келин 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jalal-abadda-36-jashtagy-kelin-2-kyz-1-uulu-menen-daiynsyz-bolup-jatat/">берген.
Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген. Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып кабар алышкан.