Royal
SerepTV Logo

ЖРТда 223 балл алган Актилек: "Досум да "Алтын сертификат" алды"

ЖРТда 223 балл алган Актилек: "Досум да "Алтын сертификат" алды"
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 223 балл алып, "Алтын сертификаттын" ээси болгон Жети-Өгүздөгү Кут Билим окуу тарбия комплексинин окуучусу Актилек Шекенов СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тууралуу айтып берди. "Мен 2004-жылы Каракол шаарында төрөлгөм. 3 бир туугандын экинчисимин. ЖРТга 9 ай даярдандым. Буга чейин туугандардын арасында "Алтын сертификат" алгандар болгон. Биология, химия, алгебраны кызыгып, жакшы окудум. Эми Кыргызстанда эле калам. IT-тармагына абдан кызыгам. Буюрса, АУЦАга тапшырам деген пландарым бар. Мен бул окуу тарбия комплексин тандаганыма өкүнбөйм, анткени идеологиясы туура келет, билими мыкты. 222 балл алган Төлөнбек Абдыбеков менин досум", - деди ал.