SerepTV Logo

"Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды" деген видео тарады

"Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылды" деген видео тарады
Жети-Өгүздүн жайлоосунда бир короо кой кырылганын "Турмуш" жазды. Маалыматка караганда, 11-июнга караган түнү Чым-Там жайлоосунда 300дөн ашуун кой-эчки өлгөн. Жергиликтүү чабан малдын моюн жагында төрт тиштин изи калганын айтып, илбирс кол салганын божомолдогон. Жырткыч эки койду жеп, 15ин тамактаган. Калгандары бири-бирин тебелеп өлгөнү айтылат. Кырылган мал атайын казылган чуңкурга санитардык талаптарга ылайык көмүлдү.