SerepTV Logo

Жети-Өгүздө прокуратуранын кийлигишүүсү менен майып адамга жер берилди

Жети-Өгүздө прокуратуранын кийлигишүүсү менен майып адамга жер берилди
Жети-Өгүз районунун прокуратурасынын кийлигишүүсү менен 2-топтогу майып адамга жер берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. «Мыйзамга ылайык, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга турак жай же жер тилкелери кезексиз жана артыкчылыктуу тартипте берилет. Бирок Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн Ак-Дөбө айылынын тургуну (2-топтогу майып) турак жайга же жер тилкеге ээ болгон эмес. Анын укуктарын коргоо максатында Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акт киргизилген. Аны кароонун жыйынтыгында, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 1-апрелдеги токтомунун негизинде ага турак жай куруу үчүн 0,10 га жер участогу бөлүнүп берилди», - деп айтылат маалыматта.
edita