SerepTV Logo

Жергиликтүү шайлоо. Ошто акча таратуу жана коркутуу фактылары боюнча иликтөө иштери башталды

Жергиликтүү шайлоо. Ошто акча таратуу жана коркутуу фактылары боюнча иликтөө иштери башталды
Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Жаңы-Маала айылындагы Турсунзаада атындагы орто мектепте орун алган №5221 “Жаңы-Маала” шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгондор «Kloop.kg» медиа коомунун журналисттерине акча таратуу жана коркутуулар болуп жатканын кабарлашкандыгы маалым болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул маалымат 11-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүүдө.
edita