SerepTV Logo

Жазуучу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Жазуучу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 26-апрель күнү саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Ал эми жаназасы эртең, 26-апрелде саат 10:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйүндө окулат. Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 85 жашында дүйнөдөн кайтканы маалым болгон. Анын туугандарынын айтымында, жазуучу коронавирустан каза болгон.
SuperTV