SerepTV Logo

Жаштык айылынын тургуну: "Тажиктер тоодон кыргыз тараптын үйүнөн чыккан кишини атып салып жатышат"

Жаштык айылынын тургуну: "Тажиктер тоодон кыргыз тараптын үйүнөн чыккан кишини атып салып жатышат"
Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал курч деп мүнөздөлүп жатат. Социалдык тармактарга тараган видеолорго караганда ок атышуу дагы эле токтой элек. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жаштык айылынын Айзада аттуу тургуну менен байланыштык. Жергиликтүү тургун буларга токтолду. "Мен Жаштык айылынын тургунумун. Бизге жакын дагы 3 айыл бар. Арка, Достук, Жаштык айылдарында эч нерсе калган жок. Тажиктер баарын талкалады. Биз аялдар, балдар Исфанага качып кеткенбиз. Эркектер калган. Тажиктердин ар бир кишисинин колунда курал бар. Биздикинде эч нерсе жок. Тажиктер чек арага жакын тоого жатып алып, кыргыздар тараптагы үйдөн киши чыкса эле, атып салып жатат", - деди ал.