SerepTV Logo

Чек арага жакын жайгашкан айылдагы тургундарды эвакуациялоого даярданышууда

Чек арага жакын жайгашкан айылдагы тургундарды эвакуациялоого даярданышууда
Күч органдары, жергиликтүү бийлик чек арадагы абалды көзөмөлгө алышты. Абал турукташып жатат. Азыркы учурда таш ыргытуу, ок атышуу да жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, алар жарандардын коопсуздугу үчүн чек арага жакын жайгашкан айылдагы тургундарды эвакуациялоого даярданышууда. "Ок атышуу болгондо, абал курчуп кетпесин деп, жарандардын коопсуздугу үчүн эвакуация иштерин жүргүзөбүз. Учурда транспортторду уюштуруу жүрүп жатат. Чек арага жакын жайгашкан тургундарды эвакуациялоого байланышкан иштер жүрүүдө", - дешти облус башкармалыгынан. Ошол эле учурда социалдык тармактарда жергиликтүү тургундардын баштыктарын чогултуп, балдарын алып айылдагы мечитте жашырынып турган видеолору тарады. [video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/whatsapp-video-2021-04-29-at-08.57.23.mp4"][/video]