SerepTV Logo

Жапаровдун Баткендеги жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынганы айтылууда

Жапаровдун Баткендеги жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынганы айтылууда
Садыр Жапаровдун Баткендеги жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Азаттык" кабарчысына таянып жазды. Ага ылайык, күзөтчүлөр журналисттерге, жайкын тургундарга президенттин эл менен жолугушууларын сүрөт-видеого тарттырбай жатат жана тартылган сүрөттөрдү өчүртүп салышкан. Президенттин басма сөз кызматы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек. Жапаров Максат айылындагы чек ара чырында өрттөлгөн мектептин жанында тургундар менен жолукту. Андан ары Кулунду, Интернационал айылдарына барары айтылды. Бүгүн президенттин Баткенде жүргөнү маалымдалган. Ал 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.