SerepTV Logo

Садыр Жапаров чек ара жаңжалынан жаракат алгандарга барды

Садыр Жапаров чек ара жаңжалынан жаракат алгандарга барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунда (БТОИБ) дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү акыркы окуялар учурунда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчысына жабыр тарткандардын ал-акыбалы боюнча маалымат берилди. Ал жаракат алгандар менен баарлашып, ден соолуктарын сурады жана алардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. Президент аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы жабыркагандардын бардыгын жетиштүү көлөмдө дары-дармектер менен камсыз кылып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын кошумчалады. "Учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардам алышууда",- деп айтылат маалыматта.