"Жанында досу бар болчу". Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон 23 жаштагы жигиттин жакыны маалымат берди
Буга чейин Орусиядагы жол" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/orusiyada-iri-jol-kyrsygy-kattaldy-14-kyrgyz-jarany-kaza-boldu-dagy-3oonyn-jarandygy-taktaluuda/">жол кырсыкта каза болгондордун төртөө Жалал-Абад облусунун тургундары экени маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кырсыкта каза болгон 1999-жылы туулган Адилет аттуу жигиттин жездеси менен байланышып, ал маркум тууралуу айтып берди.
"Адилет 1999-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болот. 4 жылдан бери Орусияда болчу. Үйлөнгөн эмес. Ата-энеси бул жерде (ред. Кыргызстанда) жашайт. 6 бир тууган болчу. Алар ошол күнү чек арадан кирип-чыкты кылып, каттоосун узартканы барышкан экен. Жанында Шекербек деген досу болгон. Экөө тең көз жумду", - деди ал.