SerepTV Logo

Жаңы тариф менен алтын кен комбинаттары электрге 4 сом 76 тыйындан төлөйт

Жаңы тариф менен алтын кен комбинаттары электрге 4 сом 76 тыйындан төлөйт
Өндүрүш жана айыл-чарба керектөөчүлөрү үчүн тарифтер дээрлик өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, бул эки багыт үчүн тарифтик саясат инфляцияны эсепке алуу менен 2 сом 38 тыйын болуп калды. «Бул баа мурункуга салыштырмалуу өзгөргөн жок. Анткени биз өндүрүш менен айыл-чарбаны өнүктүрөлү деген ойдобуз. Мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнүн 2 канаты бар: бул өндүрүш жана айыл-чарба. Бул эки багытка толук көңүл бурулбаса, мамлекет өнүкпөйт. Ал эми насостук станцияларга, калкты таза суу менен камсыз кылган станцияларга калктын деңгээлинде тариф колдонулат -1 сом 48 тыйын. Электр кубаты менен жүргөн коомдук транспортторго жеңилдик берилет деген сунуш бар. Алардын тарифи 1 сом 68 тыйын. Балдар үйлөрүнө, социалдык объектилерге дагы ушул тарифти колдонолу деп сунуштап жатабыз. Алтын кен комбинат, майнинг структураларга тарифти 4 сом 76 тыйын кылуу сунушталууда. Бул Бишкек ЖЭБинин өздүк наркы менен эсептелген баа», - дейт министр. Кечээ, 21-апрелде президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон баа саясаты кайра карала турганын билдирген. Анын сунушу боюнча, керектөөчүлөр 3 категорияга бөлүнөт. 1-категорияга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кирип, бир киловатт/саат үчүн 74 тыйындан төлөшөт. 2-категорияга тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондордо жашагандар кирип, 1 сом 4 тыйындан төлөшөт. 3-категорияга жашоо-шарты "Кудайга шүгүрлөр" кирип, 1 сом 48 тыйындан төлөп калат. Акыркы категориядагылар кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан төлөйт.
Unknown Author