SerepTV Logo

"Жансыз денесин жергиликтүү тургундар тапкан". Сузакта 13 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен

"Жансыз денесин жергиликтүү тургундар тапкан". Сузакта 13 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен
Сузакта сууга чөккөн кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылындагы Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу, Сузак райондук ӨКБдан 8 куткаруучу, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 2 офицер, жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
edita