SerepTV Logo

Жалал-Абаддагы базарда эс-учун жоготуп жыгылган адам каза болуп калды

Жалал-Абаддагы базарда эс-учун жоготуп жыгылган адам каза болуп калды
24-июнь күнү саат 17:50 чамасында милицияга Жалал-Абад шаарындагы “Колхоз” базарында эркек киши ээсин жоготкону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Жалал-Абад ШИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, борбордук базарда эсин жоготуп жыгылган жаран коншу өлкөнүн 1954-жылы туулган тургуну экендиги, каза болуп калгандыгы аныкталган. Каза болгон жарандын жакын туугандары соттук-медициналык экспертиза дайындоого жана арыз жазуудан баш тартышкан.
edita