Жалал-Абадда тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү иштери улантылып жатат
Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылындагы Бай-Маала участкаларындагы жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү иш чаралары улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдришти.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жер көчкүлөрдү изилдөө иштери жүргүзүлүп, 14 үй бүлөнү ыкчам көчүрүү боюнча корутундусу чыгарылган. Бүгүнкү күндө Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылындагы Бай-Маала участкаларындагы тургундарды көчүрүү боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облустук администрациясынын адиси, Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Сузак району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш алып барышууда.