Жалал-Абадда санитардык нормага жооп берген тамактануучу жайлар ачылды
Жалал-Абад шаарында санитардык талаптарды аткарган бир катар тез татым жайларынын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан маалымдашты.
Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору шаарда жайгашкан бир катар тез татым жайларын текшерүүдөн өткөргөн соң, мурда коюлган санитардык талаптар аткарылган бир катар тез татымдардын иштөөсүнө уруксат берди. Алар: "Бек бургер", "I Like burger", "Донер кебаб", "Гурман-Бургер", "Тагай-Бий" жана "Байчечекей тез-татым", "Макдоналдс фаст-фуд"," Ням-ням" тез татым, "Шам-Шум", Шаурма автобекет, Ак-Бата тез татым. Ал эми калган 22 тез татым жайлары санитардык талаптарга жооп бербегендиктен уруксат бериле элек. Жалал-Абад шаардык мэриясы жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте тынымсыз рейддер улантылат. Анда санитардык талаптарга баш ийбеген тез татым жайларга катуу чаралар көрүлөт.
Буга чейин Жалал-Абад шаарында "Ага-ини", "Таж-Махал" тамактануучу жайларында тамактан уулангандардын саны 88ге" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jalal-abadda-taj-mahal-aga-ini-kafesinen-uulangandardyn-sany-88ge-jetti/">88ге жеткен.