Abank
SerepTV Logo

Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатат
Кара-Көл шаарынын 2008-жылы туулган Осмонахунова Шахло Низамидиновна 15-июль күнү саат 21:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда Осмонахунова Шахло Низамидиновнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө, чачы узун кара түстө. Кийген кийимдери: үстүндө сары түстөгү ак сызыктары бар жайкы футболка, сары түстөгү шорта, бутунда сары үстөгү жайкы бут кийим. Дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03746) 102, 0703-11-44-37, 0553-78-38-78 номурларына чалсаңыздар болот.