Royal
SerepTV Logo

Жакынкы күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Жакынкы күндөрү өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт

Кыргызстанда жакынкы күндөрү суук түшөт. Кыргызгидромет билдиргендей, абанын температурасы 5-6 градуска төмөндөйт.

Бишкек шаарында 20-августта күндүз +25...+27, түнкүсүн +13...+15 градус болушу күтүлөт.

Чүй облусунда күндүз +22...+27, түнкүсүн +11...+16.

Талас облусунда күндүз +21...+26, түнкүсүн +8...+13.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз +26...+31, түнкүсүн +15...+20.

Нарын облусунда күндүз +18...+23, түнкүсүн +8...+13.

Ысык-Көл облусунда күндүз +18...+23, түнкүсүн +10...+15 градус болот.