Исхак Масалиев: "Соцтармактарда адилет үчүн, чындык үчүн кыйкыргандар кайда? Накта кайдыгерлик достор..."
Добуш берүү күнүндө социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан канча сын-пикирлер болду. Жок дегенде Боршайкомдун алдына барып, жаштарды колдоп койсоңор болот эле. Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Добуш берүү күнүндө Фейсбук жана башка социалдык тармактарда канча сын-пикирлер болгон эле. Сатып алышты добуштарды, мыйзам бузулууда, административдик ресурс колдонду...
Төрт күндөн бери бир топ партиялардын жаштары сын-пикирин ачык айтып, ачкачылыкка чейин барышты. Соцтармактарда адилет үчүн, чындык үчүн кыйкыргандар кайда? Жок дегенде Боршайкомдун алдына барып, жаштарды колдоп койсоңор болот эле. Башаламандыкты токтотолу деген ниет. Накта кайдыгерлик достор..." - деп жазды ал.