Исфара менен Ворухта тажиктердин аскер техникасы менен жоокерлери топтолуп жатканы маалымдалууда
Жетишилген келишимдерге карабастан тажик тарап Исфара жана Ворухтун чыга беришинде бронетехника менен жоокерлерди топтоп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдирди. Маалыматка караганда, 29-апрель күнү саат 23:50дө Ворух анклавы тарапка танка, эки бронетехника жана жеңил унаа өткөн. Күч түзүмүнүн өкүлдөрү тажик тарап Ворух анклавын көздөй коридор салууга ниеттенип жатышат деген ойдо.
Ошондой эле тастыкталбаган расмий маалыматтар боюнча, 29-апрелден 30-апрелге караган түнү "Таш-Булак" жана "Ак-Суу" чек ара бекеттеринин маңдайында жоокерлердин топтолушу байкалган. Ошол эле жерден учуп жүргөн дрондор дагы байкалган. Жериндеги кыргыз чек арачылар алар чек ара бекеттерин жок кылуу үчүн миномёттордун координаттарын аныктоо максатына учуп жатышат деп божомолдошууда.
Чек арада жүргөн аскер кызматкерлери Кыргызстандын күчтөрү Баткенге оор техникаларды, артиллерия, бронетехниканы албай, өздөрү келип жатканына кооптонуп жатышат. Kaktus.media сайтынын жаңжал чыккан жерде нөөмөттө турган булактары билдиргендей, аймактык командачылык өлкө жетекчилигине кырдаал жайында деп билдирип койгон болушу мүмкүн деген кооптонуу бар, андыктан мекеме башчыларынын жана президенттин, премьер-министрдин Тажикстан 17-апрелден бери чек арага куралдуу күчтөрүн тартып жатканы тууралуу кабары жок болушу ыктымал. Балким азыркы учурда да эмне болуп жатканынан кабары жок болушу мүмкүн.
Алар эгер маселе эртең мененкиге чейин чечилбесе, анда жакын арада Ворух анклавына жарып кирүүгө аракетттер болушу мүмкүн дешет. Буга жүйөө катары ок атышуу токтотулган маалда тажик тарап Борбордук, Арка калктуу конуштарында тургундардын үйлөрүн өрттөшкөнүн келтиришет. «Бирок бул маалыматтар расмий тастыктала элек», - деп жазат редакция.