Интернет жылдызына айланган келин бүгүн кечинде шаардыктарга талантын тартуулайт
Бир түндө жылдыз болгон келин бүгүн, 21-июнда "Ынтымак" сейил багында Бишкек шаарынын тургундары жана конокторуна талантын тартуулайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин сиңдиси билдирди.
Анын айтымында, 5-6 ыр ырдоо пландалып жатат. "Бирок ал жактагылар суранса, созулуп кетиши мүмкүн. Ырдалуучу ырлар англис тилинде болот, бирок эжем азыр даярданып, кыргызча да ырларды ырдайм деп турат. Азыр эжем даярданып жатат",- дейт сиңдиси.