ИИМдин башчысынын биринчи орун басары жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат (сүрөт)
Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
"ИИМдин башчысынын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана министрликтин ички аскерлери менен бирдикте учурдагы абалды турукташтуруу боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап жатат.
Учурда ал Баткен районундагы Кызыл-Бел жана Достук айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен жана элдик кошуундун мүчөлөрү менен абалды турукташтыруу максатында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп, коомдук тартипти биргеликте сактоо багытында бардык тиешелүү чараларды көрүүдө. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен чек арага чектеш аймактарды дагы кыдырууда", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="42006,42007,42008,42009,42010"]