ИИМ такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды
Ички иштер министрлиги мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"Учурда чек арадагы чыр-чатактар жөнүндө көптөгөн маалыматтар жарыяланууда. Бардыгыбыз кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайлы жана оор кесепеттерге алып келген аракеттерден алыс бололу. Ар бир маалымат так жана текшерилген булактардан алынган далилдүү фактыларга негизделиши керек. Жалган, такталбаган маалыматтардын жайылышына жол бербейли. Биз социалдык тармактардын колдонуучуларын кырдаалды курчутуп албоо үчүн терс комментарийлерди жазуудан, такталбаган маалыматтарды, аудио-видео материалдарды таратуудан алыс болууга чакырабыз",- деп жазылат маалыматта.