SerepTV Logo

ИИМ жасалма документтер менен жүргөн мигранттарга эскертүү берди

ИИМ жасалма документтер менен жүргөн мигранттарга эскертүү берди
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын аймагында жасалма документтер менен жүргөн мигранттар кылмыш жоопкерчилигине жана жазага тартыларын эскертти. Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы убакта Орусиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары жасалма ID карта жана айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалган учурлар көбөйүүдө. "Биздин айрым мекендештер документтерин жоготуп же мөөнөтү бүтүп калып жана башка ар кандай себептер менен жасалма документтерди жасатып жатышат. Жасалма документтерди колдонуп жүрсөңүз, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык, кылмыш жоопкерчилиги жана жазасы каралгандыгын эскертебиз. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда жакын аймактагы полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, документтерди жоготкондугу тууралуу тактаманы алуу керек. Андан кийин Орусиядагы Кыргыз Республикасынын консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл. Эгерде сизге жасалма жол менен жасалган документтерди сунуштаган учур болсо ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыздар болот", - дешти мекемеден.
Unknown Author