SerepTV Logo

ИИМ: "1-майга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу"

ИИМ: "1-майга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу"

1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

"Учурда чек ара аймагындагы кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Өткөн түнү эч кандай окуя же атышуу катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан посттор орнотулуп, чек ара аймактарынын жергиликтүү калкы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты.

Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, элдик кошуундар облустук ички иштер башкармалыгынын, аскерлердин жана башка күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоодо",- деп айтылат маалыматта.