"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун 5 мүчөсү кармалды
“Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо) кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» уюмунун 5 активдүү мүчөсү кармалды.
Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="288930,288931,288932,288933,288934"]