Гүлзат Мамытбек: "Балдарымды 3 жыл мурда көргөм. 18 жашка чыкканда өзүлөрү келишет"
Балдарым атасында. Талашып, ызы-чуу болуунун кереги жок деп чечтим. Мен салып берген үйдө жакшынакай жашап жатышат. Бул тууралуу блогер Гүлзат Мамытбек SUPERTV каналына маек берип жатып билдирди.
"Балдарымды акыркы жолу 3 жыл мурда көргөм. Алар менен сүйлөшсөм, балдарды кыйноо башталат. Ортодо балдар чайналат. "Сен апаңа минтип сүйлө" деп түнү менен башын оорутат экен. 18 жашка чыкканда балдарым өзү учуп келет",- деди ал.