SerepTV Logo

Фергана шаарында үч облустун башчыларынын биргелешкен форуму өттү

Фергана шаарында үч облустун башчыларынын биргелешкен форуму өттү
Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу өкмөтүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 22-23-апрелге белгиленген «Чек ара аймактарын интеграциялоо - өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы форумга Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери катышууда. Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык кызматташууларды жандантууга макулдашышты. Аймактардын инвестициалык потенциалы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча кызматташуу максаттарын билдиришти. Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду. Фергана облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду. Бул күнү облус башчылары, үч облустан чогулган бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен Фергана облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери, тармактар боюнча кызматташууну бышыкташат.