SerepTV Logo

Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады

Эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине карата уйдун этине болгон баалар республика боюнча орточо 450,31 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89,11 сомго же дээрлик 25 пайызга өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Ал эми койдун этинин баасы тиешелүүлүгүнө жараша 449,67 сомду түздү же 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү. Муну менен бирге, уйдун этине Нарын (1 кг үчүн 460 сом), Жалал-Абад (458,56 сом), Кербен ( 454,97 сом), Бишкек ( 454 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Исфана шаарында (1 кг үчүн 409,88 сом), Покровка айылында (420 сом), ошондой эле Баткен жана Ноокат (430 сом) шаарларында катталды. Койдун этине карата чекене баалар Жалал-Абад жана Исфана (500), Баткен (489,90 сом), Кара-Суу (470 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү, ал эми ага карата минималдуу баалар Каракол шаарында жана Покровка айылында (420 сом), ошондой эле Кара-Балта (439,92 сом) шаарында байкалды. Уйдун этине болгон баанын өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу эң жогору Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында - 1,3 эсеге өсүшү катталды, ал эми койдун этине болгон баалар Исфана, Баткен, жана Жалал-Абад шаарларында - 1,4 эсеге өстү.