SerepTV Logo

Коронавируска байланыштуу эртеңден баштап «Манас» аэропортунда чектөө киргизилет

Коронавируска байланыштуу эртеңден баштап «Манас» аэропортунда чектөө киргизилет
Эртең, 17-апрелден баштап «Манас» аэропортунун аймагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
  • Тактап айтканда, түнкү саат 00:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин аэровокзалдын ичине бөтөн адамдардын, анын ичинде узатып жана тосуп алууга келген жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Аэровокзалга авиабилети бар гана адамдар киргизилет.
  • Чет өлкөлөргө кетип жаткан жана учуп келген жарандардын дене табын өлчөө күчөтүлөт.
Аэропорттун басма сөз кызматы бет тагынып, 1,5 метр социалдык аралыкты сактоону эскертет.
edita