SerepTV Logo

Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме

Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме
"Батыш" суу кампасындагы оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 20-апрелде, Бишкектин айрым жерлеринде эртең мененки саат 9:00дөн кечки 22:00гө чейин муздак суу жок болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берилбей турган аймактар:
  • Садыгалиев, ЧЧК (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол менен чектеш аймактар;
  • Волков, Кустанай, Садыгалиев жана ЧЧК менен чектеш аймактар;
  • Кызыл-Аскер;
  • 110-квартал;
  • «Достук» кичирайону.
Мындан сырткары, "Бишкек жылуулук энерго" ишканасында дагы оңдоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу төмөнкү буу казандарда дагы ысык суу жок болот:
  • КЭЧ-1;
  • КЭЧ-2;
  • Факел;
  • БСМ;
  • №1 мектеп-интернатында;
  • №705 аскер бөлүгүндө;
  • №15 орто мектебинде;
  • №49 орто мектебинде.
Unknown Author