SerepTV Logo

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат
Эртең Бишкектин эки аймагына убактылуу суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришет. Жай мезгилине даярданууга жана суу түтүктөрдү оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-апрелде саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин эки аймакта ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат: • Биринчи аймак - Ахунбаев, Токтоналиев, Шакиров жана М. Гшлессер көчөлөрү; • Экинчи аймак - Ахунбаев - Ч.Айтматов проспектиси - Ала-Арча дарыясы. "Бишкек суу канал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.