Эртең Бишкекте аялдардын эркиндигин колдогон митинг өтөт
Эртең, 15-июнь күнү Ак Үйдүн жанында аялзатынын укугун коргоочулар митингге чыгат.
9-июнь күнү жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18-20 жашка чейинки турмушка чыга элек кыздарды жалгыз Кыргызстандан чыгарбоо керектигин айтып чыккан. Митингдин уюштуруучулары Атазовдун сунушун кыздардын эркиндигин чектөө катары баалап, нааразычылык акциясына чыгышарын билдиришкен.
Белгилей кетсек, 10-июнда да Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырышын талап кылгандар Ак Үйдүн жанында акция" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/deputat-atazovdun-mandatyn-tapshyryshyn-talap-kylgandar-ak-yidyn-janynda-akcziya-otkoryshty/">акция өткөрүшкөн.