Эңилчек айылында өрттөнгөн мектеп. Окуучулар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда
Кечээ, 3-мартта Эңилчек айылында башталгыч мектептин имараты күйүп кеткен. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Окуу үзгүлтүксүз уланып жатат, учурда балдар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылынын Эңилчек башталгыч мектебинин биринчи имараты- 1970 -жылы ишке берилген. Мектеп 50 орундуу, ал эми учурда окуучулардын саны 23 балага жетет.
Өрттүн чыгуу себептери ӨКМ тарабынан чыгарылып, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram