SerepTV Logo

Энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомго жетти

Энергетика тармагынын карызы 129 миллиард сомго жетти
Энергетика тармагы жалпысынан 129 миллиард сомдук насыя алган. Анын ичинде сырткы карыздар жана мамлекеттен алынган бюджеттик ссудалар бар. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, сырттан алынган насыялар чет элдик валюта менен берилет. Бул терс таасирин тийгизүүдө. «Алсак, өткөн жылы биздин карыздарыбыз 103 миллиард сом болсо, доллардын өсүшүнүн негизинде кошумча 23 миллиард сом карыз пайда болду. Биз республкалык бюджеттен каржыланбайбыз. Энергетиктер өзү тапкан акча менен жашайт. Мындан сырткары электр энергиясынын тарифи өздүк наркынан төмөн болгондуктан, модернизация иштерин насыя акчага жасап жатабыз», — дейт. Ал энергетика тармагы тапкан киреше менен жоготкон чыгашанын ортосундагы айырмачылык чоң экенин белгиледи. Өткөн жылы 800 миллион сом, 2019-жылы 400 миллион сом жоготууга учураган.
edita