SerepTV Logo

Эми жүргүнчүлөр Таласка Жамбыл аркылуу өтө алат. Каттам 1 жылдан кийин жандандырылды

Эми жүргүнчүлөр Таласка Жамбыл аркылуу өтө алат. Каттам 1 жылдан кийин жандандырылды

Бишкектен Таласка Жамбыл аркылуу өтүүчү жүргүнчү ташуучу унаалардын каттамы калыбына келтирилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  «Бишкек-Талас-Бишкек» маршруту боюнча Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 16-мартынан баштап казак тараптын демилгеси менен токтотулган.

«Буга байланыштуу Кыргызстандын Талас облусунун калкынын мобилдүүлүгү минималдаштырылды, Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп калган, Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашкан», - деп билдиришти мекемеден.

Кыргыз тарап Казакстанга COVID-19 пандемиясынын учурунда Кыргызстандын калкына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Unknown Author