Abank
SerepTV Logo

Элчилик Орусияга уча турган жарандар коронавируска тест тапшыруусу керектигин эскертти

Элчилик Орусияга уча турган жарандар коронавируска тест тапшыруусу керектигин эскертти
Орусияга аба аркылуу каттаган кыргыз жарандары сөзсүз COVID-19го тест тапшыруусу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
"Орусиянын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин 2020-жылдын 18-мартындагы №7 Жарлыгына ылайык, өлкөгө аба аркылуу кирген Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына карата Орусиянын аймагына келгенге чейин эки күн мурун жүргүзүлгөн COVID-19 лабораториялык анализинин терс жыйынтыгын көрсөтүү талаптары дагы деле күчүндө. Ушуга байланыштуу, Орусияга келүүнү пландап жаткан Кыргыз жарандарын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын сактоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.