Royal
SerepTV Logo

"Элчилик жакындарын издеп жатат". Орусияда жумуш учурунда каза болгон эки кыргызстандыктын аты-жөнү такталды

"Элчилик жакындарын издеп жатат". Орусияда жумуш учурунда каза болгон эки кыргызстандыктын аты-жөнү такталды
Кечээ, 7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жатып эки кыргызстандыктын каза болгону маалым болгон" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/orusiyada-eki-kyrgyzstandyktyn-jumush-uchurunda-koz-jumgany-maalymdaldy/">болгон. Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берип, кырсыктан Кыргызстандын 2002-жылы туулган К. уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б. уулу К. аттуу жарандары каза болгонун билдиришти. Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерге элчиликтин юристи барган. Элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иш алып барууда. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.