Эл аралык уюмдар Кыргызстанга вакцина үчүн сегиз муздаткыч берет
Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы, Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо программасы (ЮНИСЕФ) Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз авторефрижератор берет. Машинеде ташууга ыңгайлашкан муздаткычтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 26-апрелде тапшырылат.
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделүүдө.
Премьер-министр Улукбек Марипов 23-апрелде калкты жапырт эмдөөгө чакырып, май айында AstraZeneca вакцинасы келерин билдирген. 25-апрелге карата 16 миңге чукул кыргызстандык COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.