Экс-министр Аскар Какеев каза болду
Мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев тастыктады.
Министр социалдык тармактагы баракчасына Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
"Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кезде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз", — деп жазылган билдирүүдө.
Илимпоз 1935-жылы Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).
1958-1960-жылдары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген. 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
SEREP MEDIA маалымат агенттиги Аскар Какеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.