Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза тапты
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Токтогул Туманов кечээ, 6-апрелде каза тапты. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
«Ал буга чейин коронавирустук пневмониядан үйүндө дарыланып жаткан экен. 1-апрелде абалы начарлап, оор абалда ооруканага жаткырылган. Биз жакшы эле аракет кылдык, бирок сактап кала албай калдык. Кечээ, 6-апрелде саат 10дор чамасында каза тапты», - деди Аалиев.
Токтогул Туманов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 55 жашта болчу. Өлкөгө таанымал таттууларды чыгарган "Келечек" ишканасы жана "Жалал-Абад №27" минералдык сууну чыгарган компания Тумановдордун үй-бүлөсүнө таандык экени маалым.
Сереп Медиа маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.