"Экинчи жолу". Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү
Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчылары өлкөлөрдүн аймактарын жана чек араларын өз ара урматтоосун белгилеп, чек арада түзүлгөн кырдаалды эртерээк жөнгө салууга ишеним билдиришти.
Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары бардык аскер техникалары эки тараптын чек ара аймактарынан чыгарыла тургандыгын дагы бир жолу тастыкташты.
Мындан тышкары, эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен комиссиясын түзүп, кыргыз-тажик чек арасынын периметри боюнча бардык аскердик техникаларды текшерүү боюнча макулдашышты.
Ошондой эле, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтырууга таасир этүүчү провокациялардын алдын алуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти.